Баланын башына жол түшсө, кемеге отурган кишиге чачын кырктыруу керекпи?
2020.07.30, 09:34
8726
Саламатсызбы! Менин бир жашар кызымын башынын артына жол түшкөн. Көпчүлүк кемеге түшкөн кишиге чачын кырктыр, болбосо көзү кылый болуп калат дешти. Мен андай ырымга ишенгим келбейт. Дин жактан караганда эмне кылуу керек? Динибизде мындай нерсе жок деп ойлойм. Толугураак маалымат алгым келет.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.07.2020, 09:34
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Туура айтасыз, динибизде мындай нерсе жок жана бул тууралуу кандайдыр бир маалыматтар айтылган эмес. Жогорудагы ырымды жасоонун кереги жок, эч нерсе кылбай эле койсоңуз болот. Дарыгерге барып көрсөтүп коюңуз.
0
Пайдалуу жооп