Сүнөткө отургузуу канча сом турат жана кайсы жакка барсак болот?
2020.07.29, 11:00
1454
Саламатсызбы! Сүнөткө отургузуу канча сом турат? Кайсы жакка барып отургузсак болот? Ушул тууралуу маалымат берип коесузбу.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.07.2020, 12:07
Азис Элгондиев
Балдар хирургу
Сүнөткө отургузуунун баасы ар кандай. Мамлекеттик бейтапканаларда кошумча төлөмдөрдү кассага төлөшөт. Хирургдар мага мынча бересиң деп айтышпайт. Жеке клинкалардыкын айта албайм. Бишкекте болсоңуз, Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына келсеңиз болот. Ошол жерден 10-15 мүнөттө отургузуп берип коебуз.
0
Пайдалуу жооп