2019-жылдын ЖРТ жыйынтыгы менен быйыл окууга тапшырсам болобу?
2020.07.25, 09:35
1266
Саламатсызбы! Менин да сурайын деген суроом бар эле. 2019-жылдын ЖРТ жыйынтыгы менен быйыл окууга тапшырса болобу? Бир жыл башка окуу жайда окугам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.07.2020, 09:42
Чынара Батракеева
Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлү
Саламатсызбы! ЖРТнын жыйынтыгы боюнча берилген сертификаттын жарамдуу мөөнөтү бир жыл. Аскердик мөөнөт өтүп жаткандарга гана жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы үч жылга жарактуу болуп эсептелет. Тактап айтканда, аскерде кызмат өтөп жүргөн адамдын колунда упайы 110 баллдан жогору болгон ЖРТнын жыйынтыгы бар болсо, ошол эле сертификат менен кийинки жылы жогорку окуу жайга кире берсе болот.
0
Пайдалуу жооп