Сиңдиси эжесинен мурун турмушка чыга берсе болобу?
Саламатсызбы! Жигитим менен сүйлөшкөнүмө үч жыл болду. Үйдөгүлөрү аны үйлөндүрүп коелу деп жатышыптыр. Менин чоң эжем бар, ал азыр күйөөгө тийбей турганын айтат. Сиңдиси эжесинен мурун турмушка чыга берсе болобу? Динибиз уруксат береби? Эжемден биринчи кетип калсам кандай болот?
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Саламатсызбы! Улуу бир тууганынан мурун турмушка чыкпай же үйлөнбөй турушу керек деген эл арасындагы сөз, айрым учурда салт болушу мүмкүн. Бирок, динибизде бул тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Эгер колуңузду сурап жатышса, ал жигитке тийүүгө макул болсоңуз, турмуш кура берсеңиз болот. Шариятыбыз эжесинен мурун күйөөгө чыгууга тыюу салган эмес, эч кандай жоопкерчилик жок. Бактылуу болуңуз.