Экинчи топтогу майыпмын, кыздарыма жөлөкпул алаламбы?
Саламатсызбы! Мен экинчи топтогу майыпмын. Күйөөмдүн туруктуу жумушу жок, үйүбүз жок. Эки кызыма жөлөкпул алсак болобу?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат. Эгер экинчи топтогу мүмкүнчүлүгүңүз чектелгендиги боюнча пенсия же жөлөкпул алсаңыз, алар киреше катары эске алынбайт.
Балдарга жөлөкпул алсаңыз болот. Бул үчүн керектүү документтер тизмесин топтоп, факт жүзүндө жашаган жериңиз боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү аймактык башкармалыктарына кайрылыңыз.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.