Эжем эч нерсеси жок жездемден алимент өндүрө алабы?
Саламатсызбы! Эжем турмушка чыгып ажырашты. Бир кызы бар, ЗАГС алышкан эмес. Күйөөсү кызына фамилиясын берген. Эми эжем алимент өндүрө алабы. Күйөөсүнүн атында жер, үй, кыскасыэч нерсе жок. Канча сом алалат?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Албетте эжеңиз алимент алалат. Бул үчүн өзү жашаган аймактагы сотко алимент өндүрүү боюнча доо арыз менен кайрылуусу зарыл. Алименттин суммасы карызкордун, тактап айтканда алимент төлөөчү адамдын тапкан кирешесине жараша аныкталат. Анын тапкан акчасынан же башка дагы кирешесинин төрттөн бир бөлүгү тиет. Эгер ал иштебесе, ал жашаган аймактагы орточо айлык акынын төрттөн бир өлчөмүндө алимент өндүрүү жөнүндө сот аткаруучулар иш алып барышат.