// //

Англис тилин үйрөнүү үчүн мыкты тиркемелер жана сайттар

2020.07.17, 17:28
3770

Bilesinbi.kg англис тилин үйрөнгүсү келгендер үчүн пайдалуу сайттарды жана тиркемелерди сунуштайт.

Duolingo

Англис тилин үйрөнүү үчүн акысыз жана улам чыга берген тажатма жарнамасы жок тиркеме. Окутуу оюн түрүндө ишке ашат. Бир деңгээлден экинчи деңгээлге өтүү үчүн атайын тапшырмаларды аткаруу керек. Туура эмес жооп үчүн, упайлар кемитилет.

HelloTalk

Дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдүн мугалимдери окуткан билим берүү платформасы. Тиркемени жүктөп, алар менен сүйлөшүп, кат жазышса болот. Акы төлөнгөн жана төлөнбөгөн контенттери бар.

Study Languages Online

4-7 жаштагы окуучулар үчүн үндүү иллюстрацияланган сабактар бар: сандар, алфавит жана үй бүлө жөнүндө тематикалык блоктор, гүлдөр, үй жаныбарлары, жашылча-жемиштер, кийимдер жана кесиптер.

IQша

Жаш колдонуучуларды ар кандай тармактарда, анын ичинде англис тилинде окутуу үчүн иштелип чыккан сайт. Атүгүл 3-6 жаштагы балдар чоңдорсуз тил үйрөнө турган сейрек кездешүүчү ресурстардын бири.

Coursera

Үйдө отурган учурда дагы окуусун улантууну каалагандар үчүн мыкты платформа. Сайтта дүйнө жүзүндөгү университеттерден 400 адистик боюнча 3800дөн ашуун материалдары бар.

BBC Learning English

Бул порталдагы кыска жана жандуу видеолор көп практика жана эч кандай зеригүү болбойт. Тил деңгээлин көтөрүүнү каалагандарга ылайыктуу ресурс.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт