Сыздоок эмне үчүн чыгат, андан кантип кутулсам болот? Дерматологдун жообу
Саламатсызбы. Сыздоок эмне себептен чыгат? Бутума чыгып оорутуп жатат, кантип дарылаш керек экенин билбей турам.
Бакыт Курманалиева
“Эркай” клиникасынын адиси, дерматолог
Саламатчылык. Фурункулдун чыгышынын негизги себеби стафилококк инфекциясы. Адамдын иммунитети алсыз болуп турган кезде же организмдеги зат алмашуу процесси бузулганда да пайда болушу мүмкүн. Суукка урунуу, чыйрыгып калуу да сыздооктун чыгышына себепкер болот. Ошондой эле тукум куушу мүмкүн.
Фурункулду дарылоо үчүн хирург же терапевтке кайрылыңыз. Адатта антибактериалдык терапия жазылат. Андан тышкары вишневский же ихтиол мазь сүйкөп туруу керек.
Туура дарыланган учурда эч кандай көйгөй жаралбайт.
Эскертүү! Фурункул чыккан жерди такыр суулаган болбойт. Демек, мончого, саунага барууну убактылуу токтото туруу зарыл.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.