Күйөөм Россиянын, мен Кыргызстандын жаранымын. Балдарга жөлөкпул алалабызбы?
Саламатсызбы! Күйөөмдүн паспорту Россияныкы, меники Кыргызстандыкы. 3 балабыз бар. Бизге жөлөкпул алганга болобу?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу үй-бүлөнүн кирешесин эске алуу менен чектелет. Кирешелерге: айлык акы, стипендия, ишкердик кылуудан түшкөн киреше, жер жана үйгө караштуу участокторду иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер жана башкалар кирет.
Эгер, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашасаңар жана сиз Кыргызстандын жараны болсоңуз, балдарга жөлөкпул чектетүү үчүн өзүңүз эле кайрылсаңыз болот.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.