Каттоом айылда, шаардан жөлөкпул алсам болобу?
Саламатсызбы! Каттоо башка аймакта болуп, бирок башка жерден жөлөкпул алса болобу? Айтайын дегеним, өзүмдүн каттоом айылда, бирок үй-бүлөм менен шаарда турам.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! Бүгүнкү күндө каттоосу башка жерде экенине карабастан туруп жөлөкпул факт жүзүндө жашаган жери боюнча чектелет.
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу үчүн керектүү документтер тизмесин топтоп, факт жүзүндө жашаган жериңиз боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү аймактык башкармалыктарына кайрылыңыз.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.