Эмне үчүн кулагымдан кан агып жатат? Дарыгер кеңеш берет
2020.07.04, 17:02
2085
Саламатсызбы! Кулагымдан кан агып жатат. Кулак эмне үчүн канайт? Мурун канагандай эле суюк кан чыгып жатат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.07.2020, 17:04
Таттылгүл Агыбаева
Лор
Саламатсызбы! Кулагыңыздан кан агып жатса тарсылдагыңыз тешилип калган окшойт. Көптөн бери кулагыңыз ооруп жүрүп, тарсылдагыңыз жарылганда кан чыкты. Же болбосо травма алдыңыз.
Тазалайм деп жатып чукуп алдыңыз, угуучу каналды чукуп айрып алдыңыз, жыгылып кеттиңиз же кулакка кату бир нерсе тийди. Бирок 80% тарсылдактын жарылып кеткенинен улам кулактан кан чыгат.
Мүмкүнчүлүк болсо врачка кайрылыңыз!
0
Пайдалуу жооп