Паспорт жоготуп же таап алганда эмне кылуу керек? Табылгалар бюросу
2018.12.07, 13:13
5281
Документтерди жоготтуңузбу? Балким сиздин жоголгон документтериңизди кимдир-бирөө таап алып, табылгалар бюросуна алып келгендир.
Жоголгон документтерди таап алсаңыз:
- Бишкек шаарынын, Ибраимов көчөсүндөгү, №99 дареги боюнча Даректик-маалымдама бюросуна;
- КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) бардык аймактык бөлүмдөрүнө;
- “Кыргызпочтасы” МИнын кеңселерине тапшырыңыз.
Жоголуп кеткен документтер тапшырылганда “Табылгалар бюросу” системасына киргизилет.
Жарандар документтерин кайрадан калыбына келтирүүдөн мурун, порталга кирип, ПИН деген жерге паспортто көрсөтүлгөн 14 сандуу идентификациялык номерин жазып, робот эмес экенин тастыктап, бирөө таап алган жокпу текшере алат.
Эгерде суроо пайда болсо, МККнын колл-борборуна кайрылыңыз: 119
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.