Машинабыз бузук экенине карабай жөлөкпул чектебей жатышат. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Машинабыз бар, бирок бузук. Ошого карабастан жөлөкпул чектебей жатышат. Эмне кылсак болот?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! Автоунааңыз жарактан чыгып, жөн эле эшиктин алдында токтоп турган болсо, айыл өкмөтүнөн маалымкат талап кылынат. Тактап айтканда, машина бузулуп калгандыгы жана киреше алып келбей тургандыгы боюнча атайын акт түзүлөт. Андан кийин жөлөкпулга документтерди тапшыраңыз болот.
Сиз кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.