Май айында жөлөкпулга документ тапшыргам. Ошондо качан алып калам?
Саламатсызбы! Май айынын 14үндө жөлөкпулга документ тапшырганбыз. Ошондо май айынын 14үнөн баштап эсептелеби же июнданбы?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасында колдонулган мыйзамга ылайык, мамлекеттик жөлөкпулга документтерди тапшырган айдын кийинки айынын биринчи күнүнөн баштап эсептелинет. Демек, документтериңизди 14-майда тапшырган болсоңуз, июнь айынын жөлөкпулун июндун аягында алып каласыз.
Эгерде сиз мурда жөлөкпул алып жүрсөңүз, кайрадан жөлөкпулга тапшыра турган болсоңуз, анда документтериңизди жөлөкпулдун мөөнөтү бүтөөрүнө аз калганда алып келишиңиз керек. Башкача айтканда, февралда бүтө турган болсо, январь айында тапшыруу зарыл.