Мектептен чыкпай туруп, гипермаркетке жумушка кирсем болобу?
2020.06.08, 12:26
1111
Саламатсызбы! Мен мектепте иштейм, азыр декреттемин. Иштеш керек болуп, гипермаркетке жумушка кирип жаткам. Бирок ал жерге эмгек китепчеси керек экен. Бир убакта эки жерде иштесем болобу? Мектептен чыкпай эле турайын дегем. Мектеп эмгек китепчемди береби? Же башка ачышым керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.06.2020, 12:27
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Саламатсызбы! Бир нече жумушту айкалыштырып иштөөгө уруксат берилет. Негизги жумуш мектепте, дүкөндө жарым-жартылай иштей берсеңиз болот. Бирок, эки эмгек китепчесин ачканга болбойт, эмгек китепчеси негизги жумушта калышы керек. Бул жерде эмне кылуу керек экенин өзүңүз чечесиз.
0
Пайдалуу жооп