Интернеттен акча көбөйтүп берем дегендерге алданып калдым
2020.06.07, 12:43
1321
Саламатсызбы! Интернеттен акча көбөйтүп берем дегенге акча салгам. Ошол бойдон жок болуп жатат. Кайда кайрылсам болот? Менде бүт жазышкан каттар, видеолор бар.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.06.2020, 12:45
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Өзүңүз жашаган аймактагы милицияга арыз менен кайрылыңыз. Далилдерди арызга тиркеп койсоңуз болот. Анан милиция сиздин арызыңыздын негизинде иликтөө иштерин алып барышат. Сизден акчаны алган адам алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен акчаңызга ээлик кылган болуп калат.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?
0
Пайдалуу жооп