Атамдын документи жок жерин иниме же мага кантип жаздырсак болот?
2020.06.04, 15:41
1480
Саламатсызбы! Атам үлүш жер алган. Азыр документи жок, компьютерге кирбей калыптыр. Бирок, айыл өкмөттө кагаз түрүндө архивде сакталганы бар. Жердин документин иниме же мага кантип жаздырып алсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.06.2020, 15:43
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Атаңыз үлүш жерди кимден алган? Бүгүнкү күндө ал кимдин атында? Бул маселелерди тактоо керек. Эгерде үлүш жер атаңыздын атында болсо, анда биринчи кезекте документтерин калыбына келтирүүсү зарыл. Андан кийин сизге же иниңизге өткөрсө болот.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?
0
Пайдалуу жооп