Боелгон чач менен гусул алса болобу же өтпөй калабы?
2020.06.02, 11:29
5899
Саламатсызбы! Чач боелгон учурда гусул өтпөйт деген нерсенин канчалык деңгээлде чындыгы бар? Боелгон чач менен гусул алса болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.06.2020, 11:31
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Гусулду "дене-бою даарат" деп коет. Тактап айтканда, бүт денени кургак жер жок кылып жуу. Эгерде гусул учурунда денеде кургак жер калса, анда гусул аткарылбай калган болуп эсептелет. Эми сурооңузга жооп берсек, боелгон чач менен гусул алса болот. Боек чач менен баштын нымдалышына тоскоол болбосо болду. Бул жерде эң негизгиси суу дененин бардык бөлүктөрүнө тийиши керек.
0
Пайдалуу жооп