ЖРТдан өтпөй калсам, гинеколог боло аламбы?
Мен быйыл бүтүрүүчүмүн. Кичинемден баштап гинеколог болгум келет. Эгер ЖРТдан өтпөй калсам, колледжке тапшырып гинеколог болсом болобу?
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Саламатсызбы! Албетте, болот. Эгер жалпы республикалык тесттен жетиштүү упай топтой албай калсаңыз, Бишкек шаарындагы медициналык колледжке арыз тапшырсаңыз болот. Бул окуу жайга ЖРТнын кереги жок, өздөрүнүн тестин тапшырасыз. Колледж орто кесиптик деңгээлдеги медициналык адистерди бюджеттик жана келишимдик негизде окутат. Ички тесттин жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган талапкерлер бюджетке өтөт.
Бул жерден билимге байланыштуу кошумча маалыматтарды окуй аласыз:
Армияга кызмат өтөп келгенден кийин ЖРТ тапшыра аламбы?
Жалпы республикалык тестирлөөгө кантип даярданса болот? Адис жооп берет
Былтыр ЖРТга катталып, бирок барбай калгам. Быйыл акча төлөбөй катышсам болобу?