Кайын энемден буюмдарымды алуу үчүн арыз жазсам болобу?
2020.05.16, 10:42
1305
Саламатсызбы! Ажырашканыма бир жыл болду. Кайын-журтум мага калың берген эмес. Эми болсо кайын энем менин жеке буюмдарымды бербей жатат. Кантип алсам болот? Арыз менен кайрылсам алып бере алышабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.05.2020, 10:44
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматуу окурман! Кайын энеңизден жеке буюмдарыңызды алуу үчүн сотко же милицияга кайрылсаңыз болот. Болгону ошол өзүңүзгө тиешелүү мүлктөрдүн тизмесин жазып алыңыз. Алгач, милицияга кайрылып, кайын энеңиз өз билемдик кылып бербей жатканын айтыңыз. Милициядан эч кандай жыйынтык чыкпаса, сотко арыз жазыңыз.
Бул жерден юристтин башка суроолорго жоопторун окусаңыз болот:
Биринчи ЗАГСты кыркпай туруп, экинчисин алса болобу?
0
Пайдалуу жооп