Гидронефроз болуп төрөлгөн балага сөзсүз операция жасатуу керекпи?
Саламатсызбы! Менин балам гидронефроз болуп төрөлгөн. Сөзсүз түрдө операция жасатуу керекпи? Баш тартып койсок эмне болот?
Азат Бейшенов
“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог
Саламатсызбы! Ооба, операция жасоо керек. Көбүнчө кичинекей бала гидронефроз болуп төрөлүп калат, эгерде аял баланы ичинде көтөрүп жүргөндө үшүп калса, же вирустук оору менен ооруган болсо. Айталы, түйүлдүк чоңоюп, бөйрөк менен табарсыктын ортосундагы түтүкчө өнүгүп баратканда, ошондой бир учурга туш болуп калып, жакшы өрчүбөй калат. Бул операциянын аты “пластика”, аны сөзсүз жасоо керек. Эгер жасабай койсо, келечекте бөйрөгү иштебей калышы мүмкүн.
Бул жерден урологдун башка суроолоруна болгон жоопторду окуй аласыз:
Уреаплазма болгондо кайсы дарыны ичиш керек? Уролог жооп берет
Мен “сиагра” дарысын колдоном, ден соолукка зыяны тийбейби? Уролог жооп берет