// //

MEGA24 тиркемеси менен үйдө отуруп алып англис тилин үйрөнүңүз

2020.05.13, 11:31
1301

Эми MegaCom абоненттери англис тили боюнча билим деңгээлин текшерип алса болот. Бул мүмкүнчүлүк «Альфа Телеком» ЖАК жана SkypeStudy.org тил үйрөтүү курстары тарабынан сунушталат. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда, үйүңүздөн чыкпастан эле, тестирлөөдөн өтүп, 40 видеосабакты көрүү үчүн акысыз жетки алыңыз.

Бул үчүн эмне кылуу керек?

  •  MEGA24 (Google Play же App Store аркылуу) тиркемесин жүктөп алыңыз же жаңылаңыз;
  • «Мектеп» бөлүмүнө өтүп, «Англис тили» бөлүмүн басыңыз, андан кийин видеонускама менен таанышып, атайын форманы толтуруңуз жана тесттин суроолоруна жооп бере баштаңыз;
  • Тесттин жыйынтыгы сиздин e-mail кутучаңызга келет.

Тестирлөөдөн өткөндөн кийин, MegaCom абоненттери үчүн 40 акысыз видеосабакка жетки берилет (орус жана англис тилинде үн коштоосу менен). Бул мүмкүнчүлүк, эң оболу, аралыктан билим алуу шартында англис тилинин грамматикасы боюнча алган билимди текшерүүгө, бышыктоого жана тереңдетүүгө мыкты өбөлгө боло алат.

Сиздин билимиңиз – ийгиликтүү келечектин кепилдиги!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт