MEGA24 тиркемеси менен үйдө отуруп алып англис тилин үйрөнүңүз
2020.05.13, 11:31
1469
Эми MegaCom абоненттери англис тили боюнча билим деңгээлин текшерип алса болот. Бул мүмкүнчүлүк «Альфа Телеком» ЖАК жана SkypeStudy.org тил үйрөтүү курстары тарабынан сунушталат. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда, үйүңүздөн чыкпастан эле, тестирлөөдөн өтүп, 40 видеосабакты көрүү үчүн акысыз жетки алыңыз.
Бул үчүн эмне кылуу керек?
- MEGA24 (Google Play же App Store аркылуу) тиркемесин жүктөп алыңыз же жаңылаңыз;
- «Мектеп» бөлүмүнө өтүп, «Англис тили» бөлүмүн басыңыз, андан кийин видеонускама менен таанышып, атайын форманы толтуруңуз жана тесттин суроолоруна жооп бере баштаңыз;
- Тесттин жыйынтыгы сиздин e-mail кутучаңызга келет.
Тестирлөөдөн өткөндөн кийин, MegaCom абоненттери үчүн 40 акысыз видеосабакка жетки берилет (орус жана англис тилинде үн коштоосу менен). Бул мүмкүнчүлүк, эң оболу, аралыктан билим алуу шартында англис тилинин грамматикасы боюнча алган билимди текшерүүгө, бышыктоого жана тереңдетүүгө мыкты өбөлгө боло алат.
Сиздин билимиңиз – ийгиликтүү келечектин кепилдиги!
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.