Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Саламатсызбы. Менин суроом төмөндөгүдөй: Атам жакында эле өтүп кетти, биз агам, мен карындашым, апам болуп бир турабыз. Үй атамдын атында болчу, аны апам өз наамына өткөрүп алышы үчүн менин кол коюм кажетпи? Менин уруксатымсыз өткөрө алабы?
Үйдү өзүмө өткөрө турган оюм жок, болгону тебеленди кылбай атамдын эле атында калышын каалайм.
Алдан ала рахмат.
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Эгер атаңыз менен апаңыздын никеси катталган болсо, мүлк дароо апаңызга мурас катары өтөт. Апаңыз сизден уруксат сурап отурбай эле өткөрүп алганга толук укугу бар.
Мен сиздин позицияңызга түшүнгөн жокмун, апаңыздын наамына өтүп калса эле үй тебеленди болуп калабы?
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-талаш боюнча башка суроолорго жоопту бул жактан окуй аласыз:
Күйөөм мени талашпасын деп үйүбүздү атасына белек кылып өткөрүп салды
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйду кантип өзүбүзгө алсак болот?
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?