Сүйлөшкөн кызым менен телефон аркылуу нике кыйсам болобу?
Саламатсызбы! Мен Москвадамын, сүйлөшкөн кызым Кыргызстанда. Мен телефон аркылуу катышып, ошол жактан нике кыйсак болобу? Күбөлөр дагы барат. Ата-энебиз макулдугун беришкен.
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Ислам динибиз телефон аркылуу нике кыйууга жол бербейт. Шариятыбызга ылайык, нике учурунда кыз менен жигит бир жерде болушу шарт. Андан сырткары, сөзсүз күбөлөр катышып, алардын макулдугун угуусу керек. Ошон үчүн телефон же видеочалуу аркылуу катталып жаткан нике жараксыз болуп эсептелет.
Бул жерден никеге байланыштуу кошумча маалыматтарды окуй аласыз:
Түрмөдөн нике кыйдыруу адалдыкка жатабы?
Күйөөсү сөзсүз аялына махр төлөп бериши керекпи? Теолог жооп берет
Бактияр ажы: Эркек аялына "мен сени багып, кийинтип жатам" дебеш керек