Түрмөдөн нике кыйдыруу адалдыкка жатабы?
2020.03.13, 09:59
2011
Саламатсызбы! Түрмөдө жаткан жигит менен баш кошсом, ал жерде нике кыйдыруу адалдыкка жатабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.03.2020, 10:02
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Мындай учурда, биринчи кезекте кыздын ата-энеси макулдугун жана ыраазычылыгын бериши керек. Бул кыз жалгыз өзү каалап жана чечип коет турган маселе эмес. Андан кийин нике жарактуу болушу үчүн негизги шарттар аткарылышы керек:
- Кыздын жана жигиттин макулдугу.
- Нике учурунда күбөлөрдүн болушу. Эң аз дегенде, эки же бир эркек, эки аялзаты күбө болсо болот. Күбөлөр да акыл-эси толук, балакатка жеткен болушу шарт.
- Махр берүү.
- Калың маселеси эскертилиши керек.
0
Пайдалуу жооп