// //

Күйөөм менен жашабай калдым. Экөөбүз салган тамды кантип өндүрүп алсам болот?

2020.04.28, 15:59
1302

Саламатсызбы! Эки балам бар, жолдошум менен жашабай калдым. Буга чейин Россияда иштеп, тапкан акчабызга там салганбыз. ЗАГС алалы десем, эч эле макул болбой койгон. Эми алимент менен тамды кантип төлөтүп алсам болот? Мен Аксыдан, жолдошум Өзгөндөн. Ошондо мен кайсы жерге арыз жазам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.04.2020, 16:02

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Алимент өндүрүү боюнча Аксы райондук сотуна доо арыз менен кайрыласыз. Арызга балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, эгер туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн "атасы" деген графасында күйөөңүздүн аты-жөнү жазылган эмес болсо, аталыкты аныктоо күбөлүгүн кошо тиркейсиз.

Үй маселесине токтолсок, тамыңар кайда жайгашкан болсо, ошол аймактын сотуна арыз менен кайрыласыз. Бул үчүн үйдүн суммасын эсептеп чыгуу зарыл. Андыктан, сизге жактоочу жалдоо керек болот. Жактоочу алууга акчаңыз жок болсо, КРнын кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлоруна кайрылсаңыз, бекер жакоочу берет. КРнын Юстиция министрлигин сайтында  акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун даректери жөнүндө толук маалымат бар.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт