Күйөөм менен жашабай калдым. Экөөбүз салган тамды кантип өндүрүп алсам болот?
Саламатсызбы! Эки балам бар, жолдошум менен жашабай калдым. Буга чейин Россияда иштеп, тапкан акчабызга там салганбыз. ЗАГС алалы десем, эч эле макул болбой койгон. Эми алимент менен тамды кантип төлөтүп алсам болот? Мен Аксыдан, жолдошум Өзгөндөн. Ошондо мен кайсы жерге арыз жазам?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алимент өндүрүү боюнча Аксы райондук сотуна доо арыз менен кайрыласыз. Арызга балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, эгер туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн "атасы" деген графасында күйөөңүздүн аты-жөнү жазылган эмес болсо, аталыкты аныктоо күбөлүгүн кошо тиркейсиз.
Үй маселесине токтолсок, тамыңар кайда жайгашкан болсо, ошол аймактын сотуна арыз менен кайрыласыз. Бул үчүн үйдүн суммасын эсептеп чыгуу зарыл. Андыктан, сизге жактоочу жалдоо керек болот. Жактоочу алууга акчаңыз жок болсо, КРнын кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлоруна кайрылсаңыз, бекер жакоочу берет. КРнын Юстиция министрлигин сайтында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун даректери жөнүндө толук маалымат бар.