Табарсыгым бат-баттан ооруй берет. Эмне кылсам болот?
2020.04.22, 11:58
1835
Саламатсызбы! Табарсыгым бат-баттан ооруй берет. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.04.2020, 12:00
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Демек, кандайдыр бир микроб кирип кеткен, табарсык сезгенип калган, ошон үчүн дарыгерге көрүнүп анализ тапшыр. Табарсык ооруп жатканда заара анализин гана тапшыруу жетиштүү болбойт. Сийдикти “бакпасевге” берүү керек. Ал анализ бир жуманын ичинде чыгат. Көбүнчө айымдарда бул анализ жыйынтыгы ичеги таякчалары (кишечная палочка) бар экенин көрсөтөт. Ичеги таякчалар гигиена туура сактабагандыктан, даарат алганды билбегендиктен улам денеге кирип кетет. Жыйынтыгында бөйрөккө анан табарсыкка өтөт.
0
Пайдалуу жооп