"Балага сүйүнчүнү" ЗАГСы жок жарандар алалабы? Адис жооп берет
Саламатсызбы! Балага сүйүнчү акчаны ЗАГСы жок жарандар алалабы? Ушул суроомо жооп берип коесузбу.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн кызматкери
Саламатсызбы! “Балага сүйүнчү” жөлөкпулун алуу үчүн жашаган жери боюнча Калкты каттоо мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө, башкача айтканда, Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматына (ЗАГС), маалыматтык күркөөлөргө, калкты тейлөө борборлоруна документтер: паспорт менен баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү тапшырылат.
Нике күбөлүгү жок жарандар дагы “Балага сүйүнчү” жөлөкпулуна документтерди тапшыра алат. Бул үчүн ата-эненин бирөөсүнүн паспорту талап кылынат.
“Балага сүйүнчүнү” бала төрөлгөндөн баштап алты айга толгонго чейин тапшыруу керек. Документтерди тапшырып жаткан жерден дароо РСК же Айыл Банктарга эсеп ачылат. “Балага сүйүнчүнүн” өлчөмү 4000 сом, эки иш күндүк ичинде банктык эсепке келип түшөт жана жөлөкпул түшкөндүгү боюнча уюлдук телефонго билдирүү келет.