Мурунку аялы менен ажыраша элек күйөөмө баламды каттай аламбы?
2020.04.20, 14:09
1240
Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз 2019-жылы баш кошконбуз. Бирок, биринчи аялы менен ЗАГСын кырктырып ажыраша элек экен. Учурда боюмда бар, төрөсөм баламды күйөөмө каттай аламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.04.2020, 14:11
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Албетте, балаңызды күйөөңүзгө каттай аласыз. Бул үчүн жолдошуңуз менен ЗАГС органдарына барып, чогуу арыз бересиңер. Анан алар балага туулгандыгы тууралуу күбөлүккө кошуп, аталыкты аныктоо боюнча күбөлүк беришет. Ошол күбөлүктүн негизинде төрөлгөн баланын атасы күйөөңүз экендиги тастыкталат.
0
Пайдалуу жооп