“Туберкулез” менен ооругам, балалуу боло аламынбы? Терапевт жооп берет
Саламатсызбы. Мен 21 жаштамын 18 жашымда кургак учук менен ооруп калып, эки жыл дарыландым. Кудайга шүгүр, баары жакшы, сакайып кеттим. Эми Москва шаарына барып иштесем болобу? “Мед.книжка” толтурганда, рентгенге тартса жаман чыгып калбайбы? Кайра ооруп калышым мүмкүнбү? Турмушка чыксам, дени сак бала төрөй аламынбы?
Сагыныч Койбагарова
Терапевт
Эгер сиз кургак учук оорусунан толугу менен сакйып кетсеңиз, демек бардыгы жайында. Ошентсе да, фтизиатр менен дагы бир ирет кеңешип, консультация алып, көкүрөк клекатсын флюрографига тарттырып, бир катар анализдерди тапшырып коюу зарылю Эгер жыйынтыктар жакшы чыкаса, үй-бүлөнү пландаштырууда, бойго бүтүрүп, балалуу болууда эч кандай көйгөй жаралбайт. Анан албетте, каалаган мамлекетке барып, жумушка кирип иштесеңиз да болот.
Ден соолукта болуңуз!