Этек кирим он беш күн сайын келет. Бул нормалдуубу?
Саламатсызбы! Этек кирим 15 күн сайын келет. Эмне кылсам болот?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык! Бул нерсенин себеби көп. Сени көрбөй туруп бир несе деп айта албайм. Негизги себептерден – сезгенүү, стресс же гормоналдык бузулуу болушу мүмкүн. Канча убакыттан бери 15 күн сайын келип жатат? Жарым жылдан ашса, каның азайып, дагы өзүнчө бир көйгөй жаратышы мүмкүн. Эгер бойдон алдыргандан кийин келип жатса, демек калдык калып калган. Тезинен дарыгерге бар. Анализ тапшыр, ошондо жыйынтыгы билинет.
Бул жерден этек кир тууралуу башка материалдарды окусаңыз болот:
Этек кирим келгенде төшөктөн тура албай калам. Эмнеге? Гинеколог жооп берет
“Месячныйдын” кыздарга эмне кереги бар? 8 суроого гинекологдон жооп