Кош бойлуумун, доктур гематома бар дейт, төрөтүмө тоскоол болбойбу?
Менин эки балам бар. Улуусу 3тө, экинчиси 1,5 жашта. Үчүнчүсү боюмда бар. Ичим ооруганынан доктурга көрүнсөм, гематома бар деди. Төрөтүмө тоскоол болбойбу?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Жок болбойт, эгер доктурдун айткандарын так аткарып, дарыларды өз кезегинде ичип турсаңыз, аман-эсен көз жарып аласыз.
Гематома хориондун карттанып бөлүнүшүнөн улам пайда болот.
Ретрохориалдык гематома – бул жатындын капталы менен түйүлдүк жумуртка экөөнүн ортосунда кандын уюп калышы.
Анын пайда болушуна көптөгөн нерселер себепкер болот. Алар:
- ичтин травма алышы (бир жерге урунуп алуу же жыгылуудан улам);
- гормоналдык жетишсиздик;
- эмбриондун генетикалык аномалиясы;
- стресс болуу;
- оор физикалык эмгек жасоо;
- жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар, ж.б.
Кош бойлуу кезде пайда болгон гематоманы адатта свеча жана прогестерон препараттары жазылат. Жыныстык катнашты убактылуу токтото туруу зарыл. Түйүлдүктүн абалын текшерип туруу үчүн доктурдун багыттамасы менен улам УЗИге түшүп туруу керек.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!