ЗАГС жок алимент өндүрүүнүн жолдору барбы?
2020.04.13, 13:18
1844
Саламатсызбы! Менин эки балам бар, бирок ортодо ЗАГС жок. Кандай кылып алимент өндүрсөм болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.04.2020, 13:22
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Ажырашкан жубайлардын ортосунда ЗАГС жок болсо да, алимент өндүрсө болот. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында күйөөңүздүн аты-жөнү жазылса, өзүңүз жашаган аймактагы сотко, алимент өндүрүү боюнча арыз менен кайрылыңыз. Графада күйөөңүздүн аты-жөнү көрсөтүлбөгөн учурда дагы, сотко доо арыз жаза бериңиз.
0
Пайдалуу жооп