Күйөөмдүн өздүгүн тастыктаган документтери жок. Кантип алса болот?
Саламатсызбы! Күйөөмдүн паспорту жоголуп кетиптир. Апасы каза болгон, атасынан дайын жок. Анын метрикасы, жадакалса апасынын өлгөндүгү тууралуу маалымкаты жок экен. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алганы барса, өлгөндүгү тууралуу маалымкат керек экенин айтыптыр. Кандай жол менен документтерин бүтүрсө болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Силер жазуу түрүндө кайрылсаңар, алар жазуу жүзүндө эмне кылуу керектиги жөнүндө жооп беришет. Ал эми туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн (дубликатын) алуу үчүн жолдошуңуз ЖААК бөлүмүнө кайрылуусу керек. Апасынын өлгөндүгү тууралуу кагазды алуу үчүн өлгөндүгүн ырастаган медициналык тактама керек болот. Эгер мындай тактама жок болсо анда сот аркалуу өлгөндүк фактысын аныктоо керек болот.