Кулагы укпаган кайын атам азан айтканга чейин намаз окуп коет
2020.04.11, 12:57
1976
Саламатсызбы! Менин кайын атам беш убак намаз окуйт. Бирок кулагы укпайт, ар дайым эле эрте, азан айтканга чейин окуп коёт. Атамын намазы өтөбү? Кантип түшүндүрсөм болот, айтсак укпайт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.04.2020, 13:00
Кадыр Маликов
Теолог
Кайын атаңыздын окуган намазы эсептелинет. Себеби жүйөлүү себеп бар - оору (дүлөйлүк). Силер тараптан кадамдар жасалды, бирок ал укпай жатат. Ошондуктан, баары ниетине жараша жана анын иджтихады (намаз убактысын аныктоого аракет кылуу).
0
Пайдалуу жооп