Нике күбөлүгүн алуу үчүн 100 сом төлөгөнүм мыйзамдуубу?
Саламатсызбы! Нике күбөлүгүн алуу үчүн 100 сом төлөдүм. Бул мыйзамдуубу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кандай гана төлөм төлөбөңүз, бул төлөмдөрүңүз үчүн дүмүрчөк (квитанция) алыңыз, ошондо туура болот. Ал эми сиздин сурооңуз боюнча https://e.gov.kg/catalog/show/385 сайтында никени каттоо 19 сомду түзөт деп көрсөтүлгөн экен. Бирок бул сайттагы https://grs.gov.kg/ru/subord/drnags/eng_registration/758-stoimost-uslugh-grs-pri-pkr-po-linii-zags/ маалыматка караганда никени каттоо 100 сом деп көрсөтүлгөн. Демек сайттарда эки түрдө маалымат берилген. Ошондуктан бул маселени тактоо боюнча Ишеним телефондоруна: +996(312)62-41-40, 0(800)555-55-10 кайрылсаңыз болот.