Атамдын колундагы балама алимент өндүрө аламбы?
2020.04.10, 13:17
1130
Менин биринчи турмушуман бир балам бар. Ал 5ке чыкты. Кантип алимент өндүрсөм болот? Мен азыркы учурда экинчи күйөөм менне жашап жатам. Балам атамдын колунда.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.04.2020, 13:19
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алимент өндүрүү боюнча сотко арыз менен кайрылууңуз керек болот. Ошондой эле, айта кетчү дагы бир нерсе, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 85-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде "Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү" деп көрсөтүлгөн.
0
Пайдалуу жооп