// //

Атам бизге мурас кылган жерди башка бир адам тартып алды

2020.04.09, 12:43
1479

Кичине кезибизде атама Отуз адырдан жер тийген экен. Атам ошол жерге мураскер кылып төрт баласын жаздырыптыр. Анан атамын бир таанышы ал жерди иштетип жүргөн. Атам каза болгондо жерди иштеткен адам өзүнө каттатып алуу үчүн, бизге "доверенность" бергиле" деп кайрылды. Биз үчөөбүз жерди сатканга каршы болдук. Кийин чоң байкемди ар кандай жол менен алдап, жерге күбөлүк жасатып алды. Эми биз ошону соттошуп алсак болобу? Мураскерлердин баары макул болбосо жер башка кишиге өтпөйбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.04.2020, 12:47

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Сурооңуз боюнча жерге тиешелүү болгон документтер менен таанышып чыгуу керек. Жалпысынан айтканда, силер өз учурунда мурасты кабыл алууңар керек эле. Тактап айтканда, атаңыз каза болгондон кийин алты айдын ичинде мурасты кабыл алуу боюнча мамлекеттик нотариуска кайрылуу зарыл болчу.

Ал эми сиз кичине кезибизде деп жатасыз, мындай учурда силерге кам көргөн инсан кайрылса болмок. Эгер төртөөңөрдүн бирөө мурасты кабыл алуу боюнча мамлекеттик нотариустка кайрылган болсо жана башка мураскорлор кайрылышпаса, анда алар мурасты кабыл алышкан жок деп эсептелинет. Ал киши силерден ишеним кат алганынын себеби, мурасты чоң агаңызга кабыл алдырып, анан өзүнө караштуу адамга өткөрүп берген болушу мүмкүн. Бул маселе боюнча жакшы юристке же адвокатта кайрылгыла.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт