Күйөөм беш жылдан бери алимент төлөбөй жатат
2020.04.09, 11:14
859
Саламатсызбы! Жолдошум менен ажырашкам. 2010-жылы алиментке бергем. 2014-жылга чейин айына 1000 сомдон төлөп келген. Андан кийин төлөгөн жок. Көп жерге кайрылдым, жакшы карабай коюшту. Андан бери беш жыл өттү. Кайсыл жакка кайрылып, кантип өндүрсөм болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.04.2020, 11:16
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Алимент өндүрүү боюнча сот аткаруучулар иш алып барышат. Ошондуктан сиз жазуу жүзүнө аларга кайрылууңуз керек. Эгерде сот аткаруучулар сиздин оюңуз боюнча тиешелүү чараларды көрүшпөсө, анда алардын аракеттерине карата алардан жогору турган жетекчилигине же прокуратурага арыз менен кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп