// //

Доктурлар жатынымды тешип тазалашыптыр, дагы боюма бүтөбү? Гинеколог жооп берет

2020.04.07, 16:27
1542

Саламатсызбы. Мага гинекологдон кеңеш алып бергилечи. Эгиз менен кош бойлуу элем. Экөө бир тондо болуп бири “замерший” болуп калыптыр. Врачтар боюман дары менен түшүрүп, эки жумадан кийин операцияга киргизип, жатынымды тешип, тазалашты. Андан бери жети ай өттү. Мен дагы төрөй аламынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.04.2020, 16:27

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

 Саламатчылык. Албетте кош бойлуу боло аласыз жана төрөй аласыз. Болгону доктурлар айткан нерселерди так аткарып, ден соолугуңузга жакшылап кам көрүңүз. Кош бойлуулукту пландоонун алдында жолдошуңуз менен бирге бардык анализдерди тапшырып, витаминдерди ичиңиз. Гинекологдун көзөмөлүндө болуңуз.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт