Он бир айлык балам бар, дагы боюмда болуп калды
2020.04.07, 13:01
1845
Саламатсызбы! 11 айлык балам. Дагы боюма бүтүп калды. Балама зыян эмеспи деп чочулап жатам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.04.2020, 13:03
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Туурасы сактануу керек эле. Себеби, биринчиден балаң эмчекте, экинчиден эненин жытына жакшы тое элек. Ошон үчүн биз кош бойлуулуктан аралыгы жок дегенде төрт жыл болуш керек экенин айтабыз. Анткени бала торолуп, өз алдынча басып, оокат кылып калат. “Көтөр” деп кыйнабайт, курсактагы баланы кызганбайт. Эми биринчи балаңды эмизип жаткан болсоң, эмчектен чыгар. Оор көтөрбө, жакшылап тамактан. Жаз келип көк чөптөр чыгып калды, витаминдүу азыктарды колдон. Дарыгериң менен тыгыз байланыша бол.
0
Пайдалуу жооп