«Видеоконференцбайланыш» кызматы үйдө отуруп иштөөгө же окууга мүмкүнчүлүк берет
MegaCom комапниясынын «Видеоконференцбайланыш» кызматы видеобаяндамаларды, вебинарларды, селектордук кеңешмелерди, аралыктан окутууну онлайн режимде өткөрүүгө жардам берет.
«Видеоконференцбайланыш» кызматы MegaCom абоненттери үчүн жеткиликтүү. Кошуу үчүн компаниянын адистери менен бул номерлер аркылуу - 0555 505 041, 0555 505 091, 0555 505 770 байланышып, арыз толтуруу керек.
"Видеоконференцбайланыш" кызматынын артыкчылыгы:
- HD-сапаттагы сүрөт;
- Катышуучулардын саны – 50 гө чейин;
- 2020-жылдын апрель айында акысыз кошуу;
- Электрондук тактаны колдонуу мүмкүнчүлүгү;
- Онлайн өтүп жаткан иш-чараны андан кийин жүктөп алуу же тармактарга жайылтуу үчүн жаздырып алуу;
- Өлкөбүздүн серверлеринде жеке маалыматтардын ишенимдүү корголушу.
Кызматты каалагандардын баары кошо алат. Кошкондон кийин онлайн-жолугушуунун катышуучуларынын электрондук почтасына шилтеме түрүндөгү чакыруу келет, андан кийин абонент SMS-билдирүү алат.
"Видеоконференцбайланышын" компьютер, ноутбук же планшет, же болбосо смартфон аркылуу web-интерфейстин жардамы менен кошуп алууга болот. Бул үчүн App Store же Google Play сервистеринен IVA ВКС тиркемесин алдын ала жүктөп алуу жетиштүү.