Беш айлык боюмда бар. Баламдын кыймылдаганы сезилбейт
2020.04.06, 11:37
1397
Саламатсызбы! Беш айлык боюмда бар. Ичим кыймылдабай жатат. Эмне кылсам болот? Баары жакшы элеби деп коркуп жатам.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.04.2020, 11:39
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык! Эгер биринчи кош бойлуулук болсо, анчейин байкалбайт. Аны кечинде эс алып жатканда гана сезесиң, басып жүргөндө билинбейт. Бармактай баланын темингенин адамдын чоң денеси сезбейт. Кичине буту-колу чоңойгондо анан жакшылап темине баштайт. Эгерде өтө эле коркуп жатсаң УЗИге түш. Дал ушул 20 жумалык кош бойлуулукта скрининг өтүү керек. Азыркы УЗИлер баланын жүрөгүнүн сокконун, темингенин, бармагын соруп жатканын, кыскасы баарын көрсөтүп берет. Бир көрүп алып, кабатыр болбой каласың.
Аман-эсен көз жарып ал!
0
Пайдалуу жооп