Баламдын мугалими сабактар Zoom тиркемесинен өтүлөт деп жатат
Саламатсызбы! Менин уулум 7-класста окуйт. Класс жетекчиси Zoom тиркемесин жүктөгүлө, 8-апрелден баштап сабактарды ошол аркылуу өтүлөт, ким кирбесе чейрек чыкпайт" деп айтыптыр. Мугалиминин айткандары туурабы? Мен сабактарды телеканалдардан көрүү керек деп ойлогом.
КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Саламатсызбы! 8-апрелден тартып төртүнчү чейректин сабактары "Баластан" (1-4-класстар үчүн жана мектепке чейинки билим берүү үчүн), "Илим Билим" ЭЛТР (5-11-класстар үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "Бешинчи канал". телеканалдарында көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, видео сабактар, ошондой эле окуу материалдары, электрондук окуу китептери, телекөрсөтүү сабактарынын графиги, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимге арналган колдонмолор, өнүгүү оюндары, тесттер жана башкалар министрликтин атайын иштеп чыккан www.oku.edu.gov, kg билим берүү порталына жайгаштырылат.
Zoom же WhatsApp тиркемелерин кайтарым байланыш үчүн колдонуу сунушталууда.