// //

Ким үйүндө отурса ага шейиттикиндей сооп жазылат. Исламда карантин жөнүндө

2020.04.03, 13:50
1777

Исламда оорулар, эпидемия жана карантин жөнүндө эмнелер айтылат? Алла Тааланын жана Анын Элчисинин насааттары жана сунуштары.

  1. Дүрбөлөңгө түшпөй жана дүрбөлөң кылбаш керек. Мындай жагдайда эпидемиянын өзүнөн дагы, анын тегерегинде пайда болгон нерселер көбүрөөк зыян берүүсү мүмкүн. Ошондуктан, эпидемияга каршы сабырдуулукту жана чыдамдуулукту көрсөтүү зарыл.

Куранда: “Сабырдуу болгула. Чындыгында, Алла сабырдуулар менен бирге.”

  1. Алла Таала бул дүйнөдө өзүнүн кулдарын ар кандай нерселер менен сынайт:  оору, чыгаша, жакындарын алуу ж.б.

Куранда: “Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен, ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды, түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга сүйүнчүлө."

  1. Коронавирустун жайылуусун токтотуу боюнча сактануу эрежелерин аткаруу. Адамдар топтолгон жерге баруудан кармануу, маска кийүү жана тийиштүү коргонуу аракеттерин көрүү.

Айша Мухаммед пайгамбардын кара-тумо (чума) жөнүндө сураганда: “Ал азап. Алла Таала аны кимге кааласа жөнөтөт. Аны момундар үчүн мээрим кылды. Кайсы адам кара-тумо болгон жерде Алла Таала жазган нерсе гана болот деп сабыр кылып, сооп үмүт этип, үйүндө отурса ага шейиттикиндей сооп жазылат”,-деп айткан.

  1. Мечиттерди, медреселерди, намазканаларды жана башка турак үйлөрдү дезинфекциядан өткөрүү.

Мухаммед пайгамбардын хадисинде: “Тазалык – ыймандын жарымы."

  1. Бул оору кудайдан келген сыноо болгон үчүн ал туурасында шылдыңдаган жана маскаралаган ар кандай видеороликтерди тартпоо.
  2. Колунда жок же пенсионерлер сыяктуу кыйынчылыкка учураган адамдарга  мүмкүнчүлүккө жараша жардам берүү.

Мухаммед пайгамбардын хадистеринде: "Эгер бир жерде кара-тумо же холера жайылып кеткенин уксаңыз, анда ал жакка барбаңыз, эгерде бул сиз болгон жерде болсо, анда ал жерден чыкпаңыз."

Маалымат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнөн алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт