"Акча которуу" тиркемесин жүктөп алып, Элкарт картасына заматта акча чегериңиз
2020.04.03, 12:07
1858
Эми которулган акчаны алуу үчүн банктын кеңсесине барып убара болуунун кереги жок. "Золотая Коронанын" "Акча которуулар" мобилдик тиркемесинен Элкарт төлөм картасына акча которсоңуз болот.
⠀
"Золотая Корона" акча которуу тутуму жеке адамдарга эсеп ачпастан, тез, коопсуз жана ыңгайлуу түрдө акча которууга мүмкүнчүлүк берет. Кайда гана болбоңуз, үй-бүлөңүзгө жана досторуңузга ар дайым каржылык колдоо көрсөтө аласыз.
Кызматты кантип колдонсо болот:
- "Акча которуу" тиркемесин жүктөңүз.
- Которуу коду жиберилген телефон номерин 996 *** форматында жазыңыз.
- Телефон номерине KoronaPayдан сырсөз келет, аны киргизүү керек.
- "Которууну алуу" опциясын тандаңыз.
- Картка акча которуу үчүн, "Картка которуу" опциясын тандаңыз.
- Которууну алуучунун толук аты-жөнүн жазыңыз.
- Банк картасы жөнүндө маалыматты көрсөтүңүз (алдыңкы бетинде көрсөтүлгөн 16 орундуу картанын номери, картанын мөөнөтү (айы жана жылы), ошондой эле картанын CVV коду (картанын арткы жагындагы акыркы 3 сан.)
- "Эсепке киргизүү" опциясын тандаңыз.
Тиркемени бул жерден жүктөп алсаңыз болот: App Store жана Google Play
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.