Турмушка чыгышым үчүн сөзсүз атамдын уруксаты керекпи?
2020.04.03, 11:20
1344
Ата-энем ажырашып кеткен, экөөнүн тең бөлөк жашоосу бар. Сүйлөшкөн жигитим баш кошууну сунуштады. Бирок, атамдан уруксат алып, анан апамдын алдына барышыбыз керек экенин айтты. Атама чалсам албайт, мени менен иши жок. Шарият боюнча атамдын уруксаты жок нике кыя албайбызбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.04.2020, 11:22
Бактияр Токтогазы уулу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси
Балким атаңыз чогуу жашап, сизди өстүрбөгөндөн кийин жоопкерчиликти албайм деген ойдо болсо керек. Мындай учурда апаңыздан же анын туугандарынан, бир туугандарыңыздан уруксат алса болот. Шариятта "атасынан уруксат алуу" кызга жоопкерчиликти алган кишиден уруксат алуу деген мааниниде айтылган.
0
Пайдалуу жооп