Өтүп кеткен жылдар үчүн алимент өндүрсө болот деген чынбы?
2020.04.03, 11:08
1119
Саламатсызбы! Мен жолдошум менен расмий түрдө 2015-жылы ажырашканбыз. Балдар мени менен турушат. Алиментке былтыр бердим. Бирок али төлөй элек. Өтүп кеткен жылдарга алиментке жазса болот деген чынбы? Кайра барып арызды оңдоп жазсам болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.04.2020, 11:09
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, алимент сотко арыз тапшырган күндөн баштап эсептелет. Ал эми күйөөңүз алиментти төлөбөй жүргөнү боюнча сот аткаруучуга кайрылып, эмне себептен төлөбөй жатат жана сот аткаруучу кандай чараларды көрдү маалымат берүүсүн сураныңыз. Жазуу түрүндө алсаңыз жакшы болот, бул үчүн арыз жазышыңыз керек.
0
Пайдалуу жооп